
13:53, 2021-ж., 24-май
Ош шаарынын мэриясы балдар үйүндөгү балдардын жайкы эс алуусун уюштурат

24-майда Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов Ош шаарындагы "Алтын уя", "Лотос", "Борукердик" балдар үйлөрүнөн кабар алды. Вице-мэр жай мезгилинде балдардын эс алуусуна өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. «Ош шаарынын мэриясы интернаттагы балдардын маданий эс алуусуна өзгөчө көңүл бурат. Балдар лагерлеринде эс алуу уюштурулат. Мындан тышкары Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата интернаттардын жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн өзүнчө программа даярдалууда. Шаардык“Дельфин” бассейнине да барып турушат. Мындан тышкары жаратылышта спорттук мелдештерди уюштуруу менен бирге музейлерге, китепканаларга алып баруу, саякатка алып чыгуу пландалууда », - деди Э.Шадыханов. Учурда “Боорукердик” мектеп-интернатында 20 бала, “Лотос” балдар үйүндө 12, “Алтын Уяда” 12 бала тарбияланууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер