• Башкы бет
  • Эдил Байсалов Садыр Жапаровду кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты
13:45, -ж., 30-январь

Эдил Байсалов Садыр Жапаровду кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты

Эдил Байсалов Садыр Жапаровду кийинки президенттик шайлоого катышарын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекет башчы Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында айтканын "Т-Медиа" жазды.

"Президентибиз кийинки шайлоого катышат. Ага Конституция жол берет. Ошондуктан муну орто жолдо таштап койбойт. Ага элибиз да уруксат бербейт. Үмүтү жанган эл алдыдагы үч жылда көп жетишкендиктерге күбө болот", - деди ал.

Садыр Жапаровдун бийликтеги экинчи мөөнөткө баруу ниети тууралуу президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эдил Байсалов

Комментарийлер

live comments feed...