• Башкы бет
  • Ош: автомектептерге 100 миңден ашык айып пул салынды
14:04, -ж., 29-январь

Ош: автомектептерге 100 миңден ашык айып пул салынды

Ош: автомектептерге 100 миңден ашык айып пул салынды

Ош шаарындагы автомектептер текшерилип, жалпы 106 миң 500 сомдук айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Текшерүүнү Ош милициясынын кайгуул кызматы 22-январдан 28-январга чейин жүргүзүп, анда унаалардын техникалык абалы каралган.

Жыйынтыгында төмөнкүдөй протоколдор түзүлгөн:

лицензия алуудагы талаптарды бузганы үчүн – 5 протокол;

камсыздандыруу эрежесин бузганы үчүн – 1 протокол;

уруксат берилбеген кошумча жабдууларды орноткону үчүн – 1 протокол;

айдоо учурунда окуу эрежесин бузганы үчүн – 1 протокол.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалыматында мындай текшерүүлөр мындан ары да уланарын эскеркен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#автомектептер

Комментарийлер

live comments feed...