• Башкы бет
  • Камчыбек Ташиев: Кара-Суудагы базарлар мамлекеттин карамагына өтөт
14:27, -ж., 27-январь

Камчыбек Ташиев: Кара-Суудагы базарлар мамлекеттин карамагына өтөт

Камчыбек Ташиев: Кара-Суудагы базарлар мамлекеттин карамагына өтөт

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 27-январь күнү Кара-Суу шаарындагы З. Бабур атындагы мектептин короосунда Кара-Суу районундагы базарлардын соодагерлери менен жолугушуу үчүн келген. Анда Камчыбек Ташиев Кара-Суудагы базарлардын баары мамлекеттик карамагына өтөрүн билдирген. 

«Мындан ары мамлекет, ушул жер боюнча катуу көз салабыз. Мамлекеттик программанын негизинде Кара-Суу базары толук бойдон мамлекеттин менчигине өтөт. Эч кандай менчик ээлери мурда ээлеп алган , кээ бирдери 1 гектар, 2 гектар, 3гектар, 5 гектар ээлеп алган кыйын болгон байлар бар. Бардыгын тартипке салабыз. Мыйзамдын чегинде. Мыйзамдын чегинде бардыгын тартипке салабыз. Ал жерлердин баардыгы мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү мындай чоң-чоң соода борборлор түзүлөт. Анан баягы 2-3-5 сотыхтан кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен силерге менчик катары орундарды бөлүп беребиз. Ошол жерде, жылуу-жумшак жерде отуруп алып соодаңарды кыласыңар, таза жерде отуруп, бардык шарттары менен ичиндеги тамак-аш, туалетинен бери сонун кылып куруп беребиз. Мунун баарын мамлекет жасайт. Мамлекеттин колунан келет. Мамлекет күчүнө, бутуна туруп калды азыр. Колунан келет, эч кандай байлар бизди коркута албайт. Эч кандай криминалдар, акчасы көптөр, эчкимди эчким сатып ала албайт азыр. Мурдагыдай болуп сатылып кетет турган адам жок. Мурдагыдай болуп сатыла турган аким болбойт. Мурдагыдай сатыла турган Мамлекеттик каттоо кызматы болбойт. Сатылып көрүшсүн, буларды билесиңер, кандай кылып коем.

Ошондуктан, урматтуу туугандар, мен силерден бир нерсени гана суранамын, урматтуу эл-журт, ушул соода борборлорду куруп бүткөнгө чейин убакыт керек болот. Сыйкырчы эмеспиз да, бүгү келип эле «сүф» десек эртең курулуп кала турганай. Мына азыр жаз келе баштаганда соода борборлорун куруу үчүн активдүү иштерди баштайбыз. Кудай буюрса, биринчи соода борборлор быйыл күзгө чейин бүтөт. Толук бойдон ошол Кара-Суу базарын соода борборлорун салып, талкаланып жаткан жерлерди бошотуп, бошогон жерлерге жакшынакай кылып автоунаалар токтоочу жайларды кылып, шарттарды түзүп, паркттарды түзүп, жасаганга бизге 2 жыл убакыт керек. Эки жыл убакыт керек болот. Силер да дагы сабыр кылгыла»,-деген К. Ташиев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Камчыбек Ташиев

Комментарийлер

live comments feed...