14:49, -ж., 26-январь

Эртең айрым жерлерде кар жаайт

Эртең айрым жерлерде кар жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-январда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11.

Бишкекте жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы -3…-5, күндүз +3…+5 болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...