14:47, -ж., 26-январь

Муфтий Замир Ракиев кызматтан кетти

Муфтий Замир Ракиев кызматтан кетти

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев кызматтан кеткенин айтты. Бул тууралуу ал 26-январда Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте Жума намазы учурунда ачыктады.

Муфтий кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын кошумчалады.

Ишенимдүү булактардын айтымында муфтийдин милдетин убактылуу анын орун басары Самидин кары Атабаев аткарышы мүмкүн.

Замир кары Ракиев 2021-жылы июнда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп шайланган.

Ага чейин февралда экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев УКМК тарабынан Муфтияттагы каржылык маселелер боюнча айыпталып камалган. 12-февралда үй камагына чыгарылган.

Замир Ракиев Египеттин борбору Каирдеги ал-Азхар университетинен Дин негиздери багытында билим алган. Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу боюнча магистратурасын аяктаган.

Нарын облусунун казысы, муфтийдин орун басары, Бишкек шаарынын казысы болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#муфтий

Комментарийлер

live comments feed...