• Башкы бет
  • Бишкекке жаңы 124 автобус алып келинди
14:45, -ж., 26-январь

Бишкекке жаңы 124 автобус алып келинди

Бишкекке жаңы 124 автобус алып келинди

Бүгүн, 26-январда Бишкек шаарынын мэриясы дагы 124 автобус алып келингенин кабарлады.

Жаратылыш газы менен жүргөң 124 автобус Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланган «Жашыл шаар 2, терезе 2» программасынын «Бишкек автобустары» долбоорунун алкагында алып келинди.

Долбоор Жапония өкмөтүнүн грантынын эсебинен да колдоого алынган.

«Бишкек автобустары» долбоору – жалпы эле транспорт системасын модернизациялоого карай жасалган кадам. Оңдоо-өндүрүштүк имаратты жана галереясы бар административдик имаратты реконструкциялоо каралган. Долбоордун алкагында ишкананын ресурстарын пландоо системасы (ERP) GPS-навигациясы менен ишке киргизилет, бул муниципалдык автобустук ишкананын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#автобустар-Бишкек

Комментарийлер

live comments feed...