• Башкы бет
  • Кыргызстанда 3D форматындагы кыргызча мультфильм көрсөтүлөт
14:43, -ж., 26-январь

Кыргызстанда 3D форматындагы кыргызча мультфильм көрсөтүлөт

Кыргызстанда 3D форматындагы кыргызча мультфильм көрсөтүлөт

Кыргызстанда "Амантай жана Айтуяк" аталышындагы кыргызча 3D форматындагы мультфильм чыгат. Тасманы жаз айларында эфирге берүү пландалууда. Бул тууралуу "Т-Медиага" Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. 

Мультфильм 8 сериядан туруп, Амантай менен асмандан түшкөн Айтуяк экөөнүн кызыктуу окуялары баяндалат.  Анимациялык тасма "Кыргызфильм" киностудиясы жана "Карек балдар киносунун фонду" менен биргеликте тартылууда. Ага 6 млн сом бөлүнгөн. Башкы максат — кыргыз тилин өнүктүрүү болуп саналат. Режиссеру Айбек Дайырбеков, сценарийдин автору Токтобек Үсөнов, башкы сүрөтчү Кебек уулу Нурлан жана супервайзер Канат Ногойбаев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#мультфильм

Комментарийлер

live comments feed...