• Башкы бет
  • Түштүк Корея Бишкек милициясына үч кызматтык унаа берди
14:26, -ж., 25-январь

Түштүк Корея Бишкек милициясына үч кызматтык унаа берди

Түштүк Корея Бишкек милициясына үч кызматтык унаа берди

Бишкек шаардык милициясына кызматтык үч электромобиль автоунаасы тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Унааларды шаардык милицияга Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун катышуусунда салтанаттуу тапшырган.

Электромобилдер Ички иштер министрлиги менен Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында берилгени айтылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек ШИИБ

Комментарийлер

live comments feed...