• Башкы бет
  • Эмил Жамгырчиев бир айга камакка алынды
14:25, -ж., 25-январь

Эмил Жамгырчиев бир айга камакка алынды

Эмил Жамгырчиев бир айга камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев бир айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-январдын кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ал 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот.  

Эмилбек Жамгырчиев мамлекекттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелүүдө. 

10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев 2022-жылы Жамгырчиев Өзбекстандын "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бардыгын айткан.

Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ошол күнү парламентке келгенде да ырастаган. Ошондой эле ал Эмил Жамгырчиев камакка алынбай турганын, иши сотко өткөндөн кийин актыгын далилдеши керек экенин билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эмил Жамгырчиев

Комментарийлер

live comments feed...