• Башкы бет
  • Кызыл-Кыядагы лицейде болгон окуяны милиция териштире баштады
14:21, -ж., 25-январь

Кызыл-Кыядагы лицейде болгон окуяны милиция териштире баштады

Кызыл-Кыядагы лицейде болгон окуяны милиция териштире баштады

Социалдык тармактарда Кызыл-Кыяда жайгашкан кыргыз-түрк "Сапат" билим берүү лицейинде мугалим окуучуну уруп жаткан видео тараган. Окуя боюнча мекеменин жетекчилиги билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, окуядан кийин мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулду. Ал эми директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат. 

"Билим берүү мекемесинин жетекчилиги балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен чын дилинен кечирим сурайт. Өз кезегинде жетекчилик Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейдин администрациясы менен педагогуна тиешелүү чараларды көрдү, ошол эле учурда окуучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт",-деп айтылат маалыматта.

Аталаган окуя тууралуу Билим берүү министрлиги дагы маалымат берип, балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлгөнүн кабарлады. Жеринде анализге алуу үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Мындан сырткары окуя боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгы дагы териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады. 

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстан боюнча 16 лицейди, бир эл аралык мектепти, ошондой эле 11 башталгыч мектепти жана эл аралык Ататүрк-Алатоо университетин камтыйт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кызыл-Кыя - мугалим

Комментарийлер

live comments feed...