15:17, -ж., 24-январь

Тоолуу райондордо кар жаайт

Тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 25-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен, Жалал-Абад, Чүй облусунун айрым жерлеринде, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кечке жуук Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жуук катуурак шамал болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +9…+11 жылуу болушу күтүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...