• Башкы бет
  • Оштогу жеке менчик бакчанын жетекчиси пара берүүгө шектелип кармалды
14:27, -ж., 22-январь

Оштогу жеке менчик бакчанын жетекчиси пара берүүгө шектелип кармалды

Оштогу жеке менчик бакчанын жетекчиси пара берүүгө шектелип кармалды

Ош шаардык милициясы "Би-Би" жеке менчик бала бакчасынын жетекчиси пара берип жатып кармалганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы 22-январда билдиргендей, буга чейин аталган бакчанын ишмердүүлүгү текшерилип жаткан. Ага атайын тарбиялоо программасына карама-каршы келген диний сабактарды башка улуттун кийимдерин кийгизип өткөрүп жатканы тууралуу видеолор себеп болгон. 

"19-январь күнү аталган бакчанын жетекчиси текшерүү иштерин токтотууну көздөп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерине 20 миң сом  пара берип жаткан учурда кармалган. Пара берүү учуру фото-видео менен тастыкталган", -дейт шаардык милиция.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Пара берүү"беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. 

Бала бакча жетекчисинин адвокаты окуя боюнча комментарий бере элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бакча

Комментарийлер

live comments feed...