• Башкы бет
  • УКМК тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып келүү иштерине бөгөт коюлганын билдирди
14:15, -ж., 20-январь

УКМК тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып келүү иштерине бөгөт коюлганын билдирди

УКМК тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып келүү иштерине бөгөт коюлганын билдирди

«Ак-Тилек-унаа жолу» чек ара пунктунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, ичинде 4 млн даана 200 куту даяр тамеки буюмдары болгон «Вольво» үлгүсүндөгү автоунаа кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Мамлекеттик салык кызматынын адистеринин биргелиги менен ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, ошондой эле жогорудагы кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...