• Башкы бет
  • Салык кызматы кадрлар резерви үчүн сынак жарыялады
14:09, -ж., 20-январь

Салык кызматы кадрлар резерви үчүн сынак жарыялады

Салык кызматы кадрлар резерви үчүн сынак жарыялады

Мамлекеттик салык кызматы ведомствонун кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялады. Документтер 2024-жылдын 31-январында саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Конкурс административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топтору үчүн резерв түзүүнү болжолдойт. Резерв бир нече блоктон турат, анда жогорку билим профилине, иш стажына жана ар бир блокко карата тиешелүү чөйрөдө көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн болушуна талаптар коюлат.

Салык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурска катышууну каалагандар талап кылынган документтерди тапшырып, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт. Тестирлөө этабында тийиштүү балл топтогондор аңгемелешүүдөн өтүшөт.

Конкурстун бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер Салык кызматынын кадрлар резервине киргизилет.

Толук маалымат, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын тизмеси, квалификациялык талаптар, керектүү документтер, документтерди кабыл алуу үчүн даректер www.sti.gov.kg сайтына (Бош орундар бөлүгү) жайгаштырылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Салык кызматы

Комментарийлер

live comments feed...