• Башкы бет
  • Пакистандын Иранга урган соккусунан улам 9 адам каза болду
12:13, -ж., 19-январь

Пакистандын Иранга урган соккусунан улам 9 адам каза болду

Пакистандын Иранга урган соккусунан улам 9 адам каза болду

Пакистандын Иранга абадан урган соккусунан эки эркек, үч аял, төрт бала көз жумду. Бул тууралуу Систан-Белужистан провинциясынын губернаторунун орун басары билдиргенин IRNA маалымат агенттиги жазды.

Айта кетсек, Пакистан кечээ, 18-январдын таңында Ирандын чек арадагы аймагы Сераванга жети жолу сокку урган. Пакистан бийлиги муну «террорчулар жайгашкан жерлерди бутага алуу» аракети катары түшүндүрүшкөн.

Андан эки күн мурда 16-январда Ирандагы Ислам революциясын коргоо корпусу Пакистандагы «Жайш ал-Адл» тобунун базасына ракета жана дрондор менен сокку урган. Пакистан өкмөтү андан эки бала каза таап, үч адам жарадар болгонун билдирип, Иранды «аба мейкиндигиндеги чек араны бузду» деп айыптаган.

Ошондой эле бул чабуул жоопсуз калбасын айткан Пакистан бийлиги Ирандагы элчисин чакыртып алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Пакистан-Иран

Комментарийлер

live comments feed...