14:48, -ж., 18-январь

Ош: "Бавария" жайкы кафеси бузулду

Ош: "Бавария" жайкы кафеси бузулду

Ош шаарынынын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар тургундарына, келген конокторго ыңгайлуу шарт түзүү жана С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук Кыргыз драма театрынын айланасын ирээтке келтирүү максатында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Курманжан-Датка, 243/1 дарегинде жайгашкан “Бавария” жайкы кафесинин ижарачысы менен түзүлгөн келишимин жокко чыгарды. 

Учурда муниципалдык менчиктеги жер тилкесин бошотуу иштери жүрүүдө. 

Белгилей кетсек, буга чейин ижарачыга келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн эскертүү берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бавария

Комментарийлер

live comments feed...