• Башкы бет
  • Жогорку Кеңештин төрагасы журналисттерге карата куугунтук жок экенин билдирди
14:10, -ж., 17-январь

Жогорку Кеңештин төрагасы журналисттерге карата куугунтук жок экенин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы журналисттерге карата куугунтук жок экенин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда көз карандысыз медиалардын журналисттерине байланыштуу акыркы окуяларды сөз эркиндигине карата кысым деп баалоого кошулбай турганын билдирди. Ал өлкөдө сөз эркиндиги бар деп эсептейт. Бул тууралуу ал парламенттин 17-январдагы жыйынында айтты. 

Шакиев кесиптеши Дастан Бекешевдин ЖМКларга байланыштуу акыркы окуялар боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушуна зарылчылык жоктугун белгиледи.

"Азыркы болуп жаткан иштерди сөз эркиндигине карата "куугунтук же кысым" дегенге кошулбайм. Баардык нерсенин чеги болот. Эң биринчи жоопкерчилик болуш керек. Мунун баардыгы кайсы бир сырттан каржыланган уюмдардан Кыргызстандын бүгүнкү стабилдүүлүгүнө, Кыргызстанда өсүп-өнүгүп жаткан экономикалык көрүнүштөргө терс таасирин тийгизбей койбойт. Анткени ушуга окшогон көптөгөн журналистикага жамынган, өздөрүн "журналистпиз" деп эсептеген блогерлер же башкалардын ээн баштыгынан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Бизде сөз эркиндиги бар. Ким каалаганын айта алат". 

Депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровго кайрылып, жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар боюнча комиссия түзүү сунушун берди. Ал көз карандысыз медиаларга козголгон кылмыш иштерине кайдыгер карап коюуга болбой турганын белгиледи. 

Кыргызстанда 16-январда эртең менен ондой журналисттин үйү тинтүүгө алынып, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка алып келингени маалымдалган. Ошол эле күнү кечинде 11 журналист,  милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Нурлан Шакиев

Комментарийлер

live comments feed...