• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасынын 38,35 чакырымы боюнча макулдашылды
14:31, -ж., 16-январь
Ишенимдүү булак

Кыргыз-тажик чек арасынын 38,35 чакырымы боюнча макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын 38,35 чакырымы боюнча макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 10-16-январга чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 38,35 чакырымын макулдашышты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-тажик чек арасы

Комментарийлер

live comments feed...