• Башкы бет
  • Бүгүн бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болду
14:23, -ж., 16-январь

Бүгүн бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болду

Бүгүн бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болду

Бүгүн, 16-январдын таңында өлкөдө бир нече журналисттин үйүндө тинтүү болгону айтылды. Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, журналист Сапар Акунбековдун, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун үйлөрүндө тинтүү болуп жатканын жазды.

Мындан тышкары эркин журналист Актилек Капаровдун, "ПолитКлиника" басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбектин да үйүн тинтүү болгон. Ички иштер министрлиги Тыныстан Асыпбекке "массалык башаламандыктарга чакыруу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аны учурда тергөө бөлүмүнө алып кеткени белгилүү болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#журналисттер

Комментарийлер

live comments feed...