• Башкы бет
  • Кыргызстанда жумушсуздук 7%га кыскарды
15:17, -ж., 15-январь

Кыргызстанда жумушсуздук 7%га кыскарды

Кыргызстанда жумушсуздук 7%га кыскарды

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча иш берүү кызматтарында турган жумушсуздардын саны 7%га азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Каттоодо турган жумушсуздардын 6%ы, тагыраагы, 91 миң 600 адам ишке орношкон. Мунун ичинен 16 миң 700 адамга иш менен камсыз кылуу кызматтары жумуш таап берген.

Министрлик көргөн чаралардын негизинде жыл ичинде жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4,9%ды түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,4%га төмөн экени маалымдалды.

Ал эми расмий катталган жумушсуздук 2,8%ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 0,1%га төмөндөгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жумушсуздук

Комментарийлер

live comments feed...