• Башкы бет
  • 24.kg редакциясынын башкы директору менен редакторун УКМКга суракка алып кетишти
15:04, -ж., 15-январь

24.kg редакциясынын башкы директору менен редакторун УКМКга суракка алып кетишти

24.kg редакциясынын башкы директору менен редакторун УКМКга суракка алып кетишти

Бүгүн, 15-январда 24.kg редакциясынын башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери суракка алып кетишти. Бул тууралуу аталган басылма телеграм каналына жазды.

Маалыматка караганда, атайын кызматтын өкүлдөрү алардын кеңсесиндеги компютерледи алып кетишкен.

"Азаттык" Махинур Ниязова редакциянын кенсесиндеги тинтүү Украинадагы согуш тууралуу жарыяланган материалдардын бири боюнча козголгон кылмыш иши менен байланыштуу экенин айтып жаткан жазды. Агенттиктин кеңсеси жабылып, мөөр басылды. Ошондой эле компьютерлер да чыгарылып кеткени кабарланды.

Мурдараак басылманын кеңсесинде УКМК тинтүү жүргүзүп жатканы кабарланган. ал жака басылманын юристтерин жана адвокаттарын киргизбей жатканын билдиришкен.

УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#24.kg

Комментарийлер

live comments feed...