• Башкы бет
  • Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын бир катар аймактары боюнча орток пикирге келишкенин айтты
14:11, -ж., 13-январь

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын бир катар аймактары боюнча орток пикирге келишкенин айтты

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын бир катар аймактары боюнча орток пикирге келишкенин айтты

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 12-январда Баткен шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселеси талкууланды. Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү тууралуу сөз болду.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тараптар мамлекеттик чек аранын бир катар аймагы боюнча орток пикир табышканын айтты. Анын ичинде Максат айылынан баштап Арка айылынын четинен 15 чакырымдай жер боюнча бир чечимге келишкенин белгиледи.

Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов: «Салтка айлангандай, Камчыбек Ташиев менен принципиалдуу суроолорду талкууладык. Кулунду, Максат, Арка багыты боюнча сөз болду. Бул маселелер боюнча принципиалдуу чечимдерге келдик. Биз алдыга алгылыктуу кадам таштадык. Бардык сүйлөшүүлөр өлкө жана элдин кызыкчылыгы үчүн», — деди.

Эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиялары такталган аймактар боюнча кол коюшу керек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чек ара #делимитация #демаркация

Комментарийлер

live comments feed...