• Башкы бет
  • «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотореясы бул жылы ойнотулбайт
14:09, -ж., 13-январь

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотореясы бул жылы ойнотулбайт

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотореясы бул жылы ойнотулбайт

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы аягына чыкканын, бул жылы ойнотулбай турганын кабарлады.  

«Салык чек» лотореясынын ордуна чоң өнөктүк ишке кирери, анын шарттары, байгелери жакынкы күндөрдө жарыяланары айтылат маалыматта.

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн ар бирин жаранын соода жайлардан кассалык чек талап кылууга, аны чогултууга чакырып, «Салык чек» тиркемеси кассалык чектерди сканерлөө үчүн ишенимдүү курал бойдон каларын билдирет.

Эскерте кетсек, 2023-жылы Мамлекеттик салык кызматы лотереянын эки этабын өткөрүп, анын жүрүшүндө 2376 баалуу байге ойнотулган. Акыркы оюнга 10 батир, 20 электромобиль жана 6 чет өлкөгө жолдомо байге коюлган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Салык чек

Комментарийлер

live comments feed...