• Башкы бет
  • Сулайман-Тоого желим баштыктарды алып барууга тыюу салынды
13:49, -ж., 13-январь

Сулайман-Тоого желим баштыктарды алып барууга тыюу салынды

Сулайман-Тоого желим баштыктарды алып барууга тыюу салынды

Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына желим баштык жана буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 12-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, музей комплекстин аймагындагы пластик бөтөлкөлөрдөгү суусундук, полимер пленкасынан жасалган баштыктагы ар кандай азыктар саткан түйүндөр жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жайкы сезонго чейин чечилет. 

"Бул чечим 2023-жылдын 10-августунда "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү" мыйзамдардын жоболорун эске алуу менен кабыл алынды. Ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдалануу максатын да көздөйт", -дейт министрлик.

Сулайман-Тоо музей комплекси 2009-жылы июнь айында ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Сулайман-Тоо

Комментарийлер

live comments feed...