• Башкы бет
  • Бишкекте "акылдуу жол чырактар" орнотула баштады
13:20, -ж., 12-январь

Бишкекте "акылдуу жол чырактар" орнотула баштады

Бишкекте "акылдуу жол чырактар" орнотула баштады

Бишкекте жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы — «акылдуу жол чырактар» орнотула баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 12-январда мэр Айбек Жунушалиев Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишине «акылдуу жол чырактарды» орнотуу иштери менен таанышып, убагында бүткөрүү тапшырмасын берди.

Мэрия берген маалыматка караганда, бул жол чырактар унаа агымын автоматтык түрдө эсептеп, жөнгө салып турат. Ошондой эле свет өчүп калган учурда да, 4-5 саатка чейин иштей берет.

Долбоор учурда Аалы Токомбаев, Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө башталган. Алгачкы этапта 21 көчөнүн кесилишине, экинчи этапта 100 көчөнүн кесилишине ушундай жол чырактар коюлат. Жалпысынан 350 көчөнүн кесилишине орнотуу мерчемделген.

Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү тыгынды азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартып, айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек-жол чырактар

Комментарийлер

live comments feed...