• Башкы бет
  • Орусияда оор кылмышка шектелген жаран Бишкектен кармалды
10:56, -ж., 11-январь

Орусияда оор кылмышка шектелген жаран Бишкектен кармалды

Орусияда оор кылмышка шектелген жаран Бишкектен кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн адам Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган Б.М. аттуу адам Орусияда оор кылмышка шектелип, камакка алынарында качып кеткен. Мындан улам өлкөсүндөгү укук коргоо органдары эл аралык издөө жарыялаган.

Шектүүнү Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине Face-ID камералардын жардамы менен кармашкан. Тактап айтканда, камера анын эл аралык издөөдө жүргөн адам экенин аныктап берген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эл аралык кылмышкер

Комментарийлер

live comments feed...