• Башкы бет
  • Активист Тилекмат Кудайберген уулуна издөө жарыяланды
10:49, -ж., 11-январь

Активист Тилекмат Кудайберген уулуна издөө жарыяланды

Сүрөт: "Кактус медиа"

Сүрөт: "Кактус медиа"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети активист Тилекмат Кудайберген уулуна Кылмыш-жаза кодексинин "Күч менен басып алуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп издөө жарыялады.

Ушундай эле берене менен ишкер Имамидин Ташовго да кылмыш иши козголгон. Ташов издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен биргеликте "бийликти басып алууну пландаган" деп шек саналууда. УКМК бул үчүн жетиштүү далилдер бар деп ырастоодо.

9-январда социалдык тармактарга KG Group компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери аны сегиз күн белгисиз жерде күч менен кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев муну четке какты. 

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 8-декабрда үй камагына чыккан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Тилекмат Кудайберген уулу

Комментарийлер

live comments feed...