• Башкы бет
  • Жогорку Кеңеш Эмил Жакмгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди
14:23, -ж., 10-январь

Жогорку Кеңеш Эмил Жакмгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди

Жогорку Кеңеш Эмил Жакмгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиевди жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу угулду.

Комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев бир нече отурум өткөнүн, Жамгырчиевди жоопко тартууга байланышкан бир катар материалдар каралганын, тиешелүү тараптардын билдирүүлөрү угулганын маалымдады.

Анын айтымында, Эмил Жамгырчиев 2022-жылы декабрда Өзбекстан мамлекетине мыйзамсыз өтүп, 16-декабрда кайра кайтып келген.

Жыйынга башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган укук коргоо кызматкерлери да катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Жыйынтыгында каттоодон өткөн 81 депутаттын 69у Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга макул болгон комиссиянын чечимин колдоп беришти.

Башкы прокуратура 27-декабрда депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган жана парламентте убактылуу комиссия түзүлгөн.

Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эмилбек Жамгырчиев

Комментарийлер

live comments feed...