• Башкы бет
  • Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык үчүн канча квота берди?
15:03, -ж., 8-январь

Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык үчүн канча квота берди?

Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык үчүн канча квота берди?

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, ажылык сапарын талкуулашты.

Анда 2024-жылы ажылык иштери эрте башталгандыгы белгилүү болду.

«2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, кошумча квота сурадык. САПтын ажылык-умра министрлигинде бул маселе комиссия аркылуу чечилгендиктен КМДБнын атынан расмий кат тапшырдык. Учурда жатакана, тамак-аш жана ыйык өрөөндөрдөгү кыргызстандык ажылардын ибадаттарынын аткарылышы боюнча өз ишибизди баштадык», — деди муфтий.

Тараптар 2024-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, Кыргызстанга 6060 квота берилгендиги белгилүү болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ажылык сапар

Комментарийлер

live comments feed...