• Башкы бет
  • Өлкөдө бир жума ичинде 16 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталган
14:56, -ж., 8-январь

Өлкөдө бир жума ичинде 16 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталган

Өлкөдө бир жума ичинде 16 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталган

1-январдан 7-январга чейинки аралыкта 16 миң 195 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.

Эреже бузгандардын ичинен:

196 айдоочу унаасын тийиштүү документтери жок айдап жүргөн;

208 айдоочу мас болуп кармалган;

32 айдоочу унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылаткан;

4 айдоочу жасалма номур менен жүргөн;

7 айдоочу ээнбаштыгы үчүн кармалган;

3442 айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашыра айдап кармалган;

2080 айдоочу унаа пайдалануу эрежелерин бузган;

754 жөө адам жол эрежесин бузуп кармалган.

Булардан тышкары да 9472 майда эреже бузуулар катталган. Эреже бузган 1091 айдоочунун унаасы айып короого токтотулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жол эрежелери

Комментарийлер

live comments feed...