• Башкы бет
  • Баткенде аткезчилик жол менен асыл тукум мал жандыктарды алып бараткан жаран кармалды
14:41, -ж., 8-январь

Баткенде аткезчилик жол менен асыл тукум мал жандыктарды алып бараткан жаран кармалды

Баткенде аткезчилик жол менен асыл тукум мал жандыктарды алып бараткан жаран кармалды

Баткенден аткезчилик жол менен асыл тукум малдарды алып чыгып бараткан жаран кармалганын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл -Бел айылынын 48 жаштагы тургуну аткезчиликке шектелип 8-январга караган түнү кармалган. Ал "Ганжак" участкасынан коңшу өлкөгө 5 баш асыл тукум ийри мүйүздүү малдарды айдап бара жаткандыгы айтылды.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аткезчилик- Баткен

Комментарийлер

live comments feed...