• Башкы бет
  • Баткенде төрөтканада жаткан келин дайынсыз жоголду
17:00, -ж., 6-январь

Баткенде төрөтканада жаткан келин дайынсыз жоголду

Баткенде төрөтканада жаткан келин дайынсыз жоголду

Кечээ, 5-январда, Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн 20 жаштагы келин дайынсыз жоголду. Бул тууралуу маалыматты «Маралга» келиндин жакындары тастыктаган.

Маалыматка караганда, Э. кызы О. аттуу келин 27-декабрда операция жолу менен көз жарган. Ал 5-январда таңкы саат 06:00 — 07:00 чамасында, палатадан чай демдеп келүү үчүн чыккан бойдон кайра келген эмес. Учурда аны милиция кызматкерлери жана жакындары издеп жатат.

Үстүндө кызыл өңдөгү халат, ак түстөгү шым жана ак жоолук салынганы айтылууда. Бою 160-165 см.

Ал эми ымыркайдын абалы жакшы. Учурда аны чоң энеси карап жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен-келин

Комментарийлер

live comments feed...