• Башкы бет
  • Чет өлкөдө 13 миңден ашык кыргызстандык ишке орношту
16:51, -ж., 6-январь

Чет өлкөдө 13 миңден ашык кыргызстандык ишке орношту

Чет өлкөдө 13 миңден ашык кыргызстандык ишке орношту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөлөрдө кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча иш алып барып жатышканын билдирди.

Министрлик өткөн жылда 13 миңден ашуун жаран мыйзамдуу ишке жайгашканын маалымдайт. Эмгек министрлиги Орусияда, Улуу Британия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдө жумушка орношууга болорун кошумчалайт.

Ишке орношкондордун ичинен 4,5 миңге жакынын аял кишилер түзөт. Алар министрлик аркылуу кепилденген айлык акы жана социалдык пакет менен ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышкан. Мындан сырткары миграциялык кеңештер боюнча 129 миң жаранга жардам берилген. 

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык бар экени айтылат. Ал эми бейрасмий маалыматарга таянсак бир миллинго жакындашы мүмкүн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мыйзамдуу иш

Комментарийлер

live comments feed...