• Башкы бет
  • Ош шаарында 45 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды
15:56, -ж., 4-январь

Ош шаарында 45 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Ош шаарында 45 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Ош шаарынан 45 жаштагы жаран баңгизат алып жүргөн делген шек менен кармалды. Учурда бул ишке тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.

2023-жылдын 28-декабрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүнө белгисиз жаран шектүү зат алып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Натыйжада Оштон 1979-жылы туулган А.Б. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

Анын жанынан салмагы 3,72 граммды түзгөн белгисиз зат табылган. Тийиштүү экспертизадан кийин аталган зат “гашиш” баңгизаты болуп аныкталган.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо” же 283-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен камакка алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#баңгизат-Ош

Комментарийлер

live comments feed...