• Башкы бет
  • Жапониядагы жер титирөөдөн каза болгон Кыргызстандын жарандары жок
15:08, -ж., 3-январь

Жапониядагы жер титирөөдөн каза болгон Кыргызстандын жарандары жок

Жапониядагы жер титирөөдөн каза болгон Кыргызстандын жарандары жок

Жапонияда катталган жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу 2-январда Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Жапониядагы элчилигине таянып кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, Тоямба шаарында жашаган кыргызстандык беш жаран коопсуз аймактарга көчүрүлдү. 

"Учурда Тышкы иштер министрлиги жана Жапониядагы элчилик кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Кыргызстандын ал жакта жашап жаткан жарандары менен байланышып жатат. Зарылчылык болгон учурда элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылса болот", -деп айтылат маалыматта.

2024-жылдын 1-январында Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Зилзаладан кеминде отузга жакын адам каза болуп, ондогон кишилер жарадар болгону кабарланууда. Кырсыктын масштабы куткаруучулар жабыркаган аймактарга жеткенде толугу менен белгилүү болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жапония-зилзала

Комментарийлер

live comments feed...