• Башкы бет
  • Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны алтымыштан ашты
15:05, -ж., 3-январь

Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны алтымыштан ашты

Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны алтымыштан ашты

Жапонияда 1-январда катталган катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 64кө жетти. Бул тууралуу улуттук NHK телеканы жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, курман болгондордун көбү Вадзима шаарында. Кулаган имараттардын, үйлөрдүн урандыларынын астында дагы адамдар бар деп болжолдонууда.

Күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө Исикава префектурасындагы Ното жарым аралында жана Жапониянын борбордук бөлүгү менен чектешкен райондордо 1-январда катталган. Бир нече жолку силкинүүдөн улам аймакта миңдеген имарат, он миңдеген үй, унаа каражаттары жана кайыктар талкаланды. 97 миңден ашуун кишини эвакуациялоого буйрук берилип, адамдар түндү спорт залдарында жана шашылыш эвакуациялоо борборлору катары колдонулган мектептерде өткөрүштү.

Жапониянын бийлиги өлкөнүн батыш жээктеринде цунами коркунучун жарыялаган. Бирок 2-январда ал чечим жокко чыгарылды. Адистердин айтымында, жер титирөөлөр ушул жума ичи уланышы мүмкүн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#жер титирөө-Жапония

Комментарийлер

live comments feed...