• Башкы бет
  • 1-январдан тарата кош бойлуулуктун жөлөк пулунун көлөмү жогорулады
14:50, -ж., 2-январь

1-январдан тарата кош бойлуулуктун жөлөк пулунун көлөмү жогорулады

1-январдан тарата кош бойлуулуктун жөлөк пулунун көлөмү жогорулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдө үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү 100%га жогорулаганын билдирди.

Ага ылайык, жөлөк пулдун өлчөмү 1000 сомдон 2000 сомго чейин көбөйтүлгөн.  Бугап чейин миң сомдон берилчү. Кош бойлуу аялдар буга чейин орто эсеп менен 3600 сом алышса, 1-январдан  баштап 7500 сомдон бериле баштайт. Ал эми тоолуу шарттарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул толук эмгек акынын өлчөмүндө,тагыраагы, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайызы төлөнөт.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев менен Камила Талиева бийик тоолуу аймактарда, барууга кыйын болгон алыскы калктуу конуштарда жана өзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган үч жашка чейинки балдарга ай сайын, кеминде беш миң сомго чейин жөлөк пул берүүнү сунушташкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#жөлөк пул

Комментарийлер

live comments feed...