• Башкы бет
  • Жапонияда жер титирөө болуп, цунами коркунучу жаралды
14:44, -ж., 2-январь

Жапонияда жер титирөө болуп, цунами коркунучу жаралды

Жапонияда жер титирөө болуп, цунами коркунучу жаралды

1-январь күнү Жапониянын борбордук бөлүгүндө күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болуп, өлкөдө цунами коркунучу бар экендиги жарыяланды. Мындан улам Исикава префектурасындагы деңиздин жээгинде жайгашкан Ното районунун тургундарына "токтоосуз коопсуз жактарга чыгып кетүү" эскертүүсү берилди. Бул тууралуу улуттук NHK телеканалы маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда аталган аймакта толкун беш метр бийиктикке көтөрүлүп жатат. Андан тышкары коңшу Ниигата жана Тояма райондорунда да эскертүү берилди. 

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, зилзаладан кеминде отузга жакын адам каза болуп, ондогон кишилер жарадар болду. Элүүгө чукул турак-жай жабыркаган. Кырсыктын масштабы куткаруучулар жабыркаган аймактарга жеткенде толугу менен белгилүү болот.

2011-жылдын 11-мартында Жапонияда күчү тогуз балга жеткен жер титирөөдөн кийинки цунами 20 миң кишинин өмүрүн алган. Ошондой эле "Фукусима" атомдук станциясында эң ири авария катталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жер титирөө-Жапония

Комментарийлер

live comments feed...