• Башкы бет
  • Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин сөөгү жерге берилди
14:26, -ж., 1-январь

Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин сөөгү жерге берилди

Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин сөөгү жерге берилди

31-декабрда Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин сөөгү «Аларча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Акынды акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өттү. Ага Президенттин администрациясынан Санжар Муканбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана адабият, маданият ишмерлери, маркумдун жакындары катышты.

Зыйнатта сөз сүйлөгөндөр эл акынынын кыргыз адабиятындагы салмактуу ордун, чыгармачылык жолун, жаштарга жол көрсөткөн устаттыгын эскеришти.

Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаев 29-декабрда узакка созулган оорудан каза тапкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эл акыны

Комментарийлер

live comments feed...