• Башкы бет
  • Жаңы жыл түнү 19 жол кырсыгы катталып, 22 адам жаракат алды
14:23, -ж., 1-январь

Жаңы жыл түнү 19 жол кырсыгы катталып, 22 адам жаракат алды

Жаңы жыл түнү 19 жол кырсыгы катталып, 22 адам жаракат алды

Милиция кызматкерлери бүгүн, 1-январда да күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин билдирүүсүнө таянып айтсак, 31-декабрда жалпы 434 маалымат жана кайрылуу түшкөн, анын ичинен үчөө кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Өлкө боюнча 19 жол кырсыгы катталып, 22 адам ар кандай жаракат алган.

31-декабрдан 1-январга караган түн коогасыз тынч өттү. Жалпы өлкө боюнча 10 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, иш-чаралар өтүүчү жайларга атайын посттор коюлган. Кылмыштарга, жоруктарга убагында чара көрүү үчүн атайын топтор түзүлгөн.

Иш-чаралар өткөн жайларда майда жоруктарды эске албаганда, мыйзам бузуулар, кылмыштар болгон эмес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ИИМ-жол кырсыгы

Комментарийлер

live comments feed...