• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасы: 12 чакырымга жакын аймак боюнча макулдашылды
13:19, 2023-ж., 25-декабрь

Кыргыз-тажик чек арасы: 12 чакырымга жакын аймак боюнча макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасы: 12 чакырымга жакын аймак боюнча макулдашылды

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында 17-декабрдан 23-декабрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 23-декабрда кабарлагандай, топографиялык жумушчу топтор чек аранын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Аталган жумушчу топ 8-декабрдан 14-декабрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-тажик чек арасы

Комментарийлер

live comments feed...