• Башкы бет
  • Арстан Алай УКМКнын тергөө абагына киргизилди
13:16, 2023-ж., 16-декабрь

Арстан Алай УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Арстан Алай УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Эки күндөн бери изделип жаткан Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалганы белгилүү болду.  Атайын кызмат 15-декабрда маалымдагандай, ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Диний кастыкты козутуу) фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, Абдылдаевдин Чүйдөгү жашаган жерине тинүү жүргүзүлүп, китептер, брошюралар жана дептерлер табылган. Атайын кызмат мындан сырткары ал соцбаракчалары аркылуу мыйзамсыз билдирүүлөрдү жасап, өзүн "Жаңы кудай", "Куткаруучу" катары көрсөтүп жатканын белгиледи. 

"Кылмыш ишин козгоого Арстанбек Абдылдаевдин Facebook, Instagram жана YouTube социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде, брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылган маалыматтар негиз болгон. Ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо. Ал өзүн "Кудай", "Куткаруучу" деп санап, башка дин, ишеним, көз караштарды төмөн, алсыз деп эсептеген", — деп айтылат маалыматта". 

Абдылдаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Күн мурун жергиликтүү басылмалар Арстан Алай 13-январдан бери дайынсыз болуп жатканын жазышкан. Маалыматка караганда, милицияга анын уулу арыз менен кайрылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Арстан Алай

Комментарийлер

live comments feed...