• Башкы бет
  • Мамлекеттик курулуш агенттиги Ош шаарындагы сот иштери жүрүп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады
16:01, 2023-ж., 15-декабрь

Мамлекеттик курулуш агенттиги Ош шаарындагы сот иштери жүрүп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады

Мамлекеттик курулуш агенттиги Ош шаарындагы сот иштери жүрүп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ош шаарында өз билемдик менен курган жана курууга уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялады. Алардын аталыштары жана сүрөттөрү мекеменин "Фейсбук" баракчасында видео катары жайгаштырылды. 

Мамлекеттик курулуш агенттиги Ош шаарындагы сот иштери жүрүп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады, фото-1

Тизмеде Ош шаарында салынып бүткөн, курулуп жаткан 17 турак-жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары келтирилген. Мамкурулуш агенттиги жарандарды соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин жана соттун чечими чыкканга чейин аталган объектилерден турак жай сатып албоого чакырды.Мекеме буга чейин ишисот органдарына өтөрүлүп берилген Бишкектеги 38 объектинин тизмесин жарыялаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мамкурулуш агенттиги

Комментарийлер

live comments feed...