• Башкы бет
  • Өлкөдө төрөттүн саны кыскарганы айтылууда
13:51, 2023-ж., 14-декабрь

Өлкөдө төрөттүн саны кыскарганы айтылууда

Өлкөдө төрөттүн саны кыскарганы айтылууда

Кыргызстанда акыркы төрт жылда төрөттүн көрсөткүчү төмөндөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин 14-декабрдагы жыйынында айтты.

Ал Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып, 2019-жылы төрөлүүнүн саны 173 миң 484 болгонун, 2020-жылы 158 миң, 2021-жылы 150 миң катталып, жылдан-жылга азайып жатканын билдирди.

Өткөн жылы «балага сүйүнчү» жөлөк пулун алуучулардын саны дээрлик 13 пайызга азайды. Саламаттыкты сактоо министрлиги былтыр төрөлүүнүн саны 5,4 пайызга азайганын билдирген.

Депутат мындан улам төрөттү стимулдаштыруу, үчүнчү бала төрөлгөн үй-бүлөгө колдоо көрсөтүүгө багытталган программаларды ишке киргизүүнү сунуштады.

Камила Талиева 2025-жылдан тарта үч балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган «Алтын бала» программасын иштеп чыкканын айтты. Анын негизинде мыйзам долбоору да жазылып, бир үй-бүлөдө төрөттүн санын көбөйтүү үчүн үчүнчү төрөлгөн балага үч жыл боюнча жөлөк пул берүү сунушталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#төрөт

Комментарийлер

live comments feed...