• Башкы бет
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна кар көчкү түштү
13:47, 2023-ж., 14-декабрь

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна кар көчкү түштү

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолуна кар көчкү түштү

Калың кар жааганына байланыштуу Ош облусундагы Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 74-85 чакырымында (Тамчы тилкеси) болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түштү. Мындан улам автоунаа жол убактылуу эки тараптуу жабылганын 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Жабыркагандар жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Кар көчкүнү тазалоо үчүн эки жүктөгүч, эки бульдозер жана бир манипулятор тартылган.

Соңку эки күндөн бери аба ырайы кескин өзгөрдү. Оштун Кара-Кулжа районунда, Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Түп райондорунда бир нече жол каттамдары жабык турат.

Кыргызгидромет борбору 13-декабрда аба ырайы туруксуз болорун, 14-декабрдан тарта абанын температурасы төмөндөөрүн эскерткен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу

Комментарийлер

live comments feed...