• Башкы бет
  • Айтматовдун 95 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өтүүдө
15:45, 2023-ж., 12-декабрь

Айтматовдун 95 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өтүүдө

Айтматовдун 95 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өтүүдө

Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы өтүүдө. Алгач Айтматовдун «Ата- Бейит» мемориалдык комплексиндеги бейитине гүл коюлду.

Андан кийин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында салтанаттуу иш чара өтүүдө.

Бүгүн ошондой эле Кыргыз улуттук сүрөт-өнөр музейинде «Эргүү булагы» көргөзмөсү ачылат. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Саманчынын жолу»  спектакли коюлат.

Кечки саат 19:30да улуттук академиялык драма театрында «Айтматов жана театр» эл аралык театр фестивалынын жабылыш аземи өтөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чыңгыз Айтматов

Комментарийлер

live comments feed...