• Башкы бет
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды
15:44, 2023-ж., 12-декабрь

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды

Бүгүн, 12-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайына байланыштуу айрым унаа жолдорго убактылуу чектөөлөр киргизилип жатканын билдирди.

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 47-чакырымынан 101-чакырымына кар катуу жагандыгына байланыштуу шамал болуп, жол көрүнбөй калган. Унаа жол убактылуу жабылып, тийиштүү кызматтар иш алып барууда.

Ачылганда кошумча маалымат берилет.

Мекеме айдоочулардан жолдо жүрүү учурунда аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, кышкы дөңгөлөктөр менен гана жүрүүнү өтүнөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жол кыймылы

Комментарийлер

live comments feed...