• Башкы бет
  • Баткен: кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу комиссиялардын иши талкууланды
15:42, 2023-ж., 12-декабрь

Баткен: кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу комиссиялардын иши талкууланды

Баткен: кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу комиссиялардын иши талкууланды

Бүгүн, 12-декабрда Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу эки тараптуу жолугушуу өттү.

Ага Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган делегациялар катышты.

Жолугушууда чек араны тактоо боюнча 2023-жылга карата топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыктары талкууланып, калган аймактарда чек аранын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча милдеттер коюлду.

Өткөн жумада, 5-декабрда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жыйыны өтүп, тараптар чек аранын 24,01 чакырымы боюнча макулдашкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-тажик чек арасы

Комментарийлер

live comments feed...