• Башкы бет
  • Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт
15:28, 2023-ж., 11-декабрь

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлиги маалымдады.

11-13-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Министрликтин маалыматына караганда, 10-12-декабрда аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Абаны температурасы төмөндөп, жайыттарда малды кармоо, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине кыйынчылык жаралат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...